Четверг, 25 апреля

«Манас» аэропортунан Бишкекке чейин экспресс каттамдар жүрө баштайт

0

“Манас” аэропортунан Бишкекке жана кайра артка экспресс каттамдар жүрө баштайт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башчысы Елена Калашникова 23-июнда басма сөз жыйында билдирди.

Калашникова ушул айдын аягынан тартып Бишкек шаарынан «Манас» аэропортуна күнү-түнү ар жарым саатта атайын автобустар каттай баштаарын айтты.

Калашникова буга байланыштуу такси айдоочулар менен жаңжал чыгышы ыктымал деген чочулоо бар экенин, эгер ошондой жагдай жаралса, аны жөнгө салууга аракет жасаларын белгиледи.

Алдын ала маалыматка караганда, автобустарда жол киренин баасы 150 сом болот. Бул автобустарды аталган фонддун туунду компаниясы тейлеп, уюштурат.

Ушул тушта аэропортко шаардан барып-келген жолоочулар үчүн коомдук транспорт дээрлик жок. Негизинен таксилер каттайт жана мындан улам сын-доомат айтылып келген.

Буга чейин Бишкектен аэропортко атайын автобустар каттай баштаган, бирок көп өтпөй эле токтоп калган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз