Пятница, 26 апреля

«Ош» базарындагы митингчилерге эмне убада кылынды?

0

Бишкек мэрия «Берекет Универсал» соода борборундагы ижара акы жакынкы аралыкта жогорулабай турганын билдирди.

Бүгүн соодагерлер митингге чыгып, администрациянын ижара акысын көтөрүү боюнча чечимине каршы чыгышкан. Алар чарчы метр үчүн 40 сомдон төлөп келишсе, эми дагы 40 сомго жогорулатуу пландалып жатканы айтылган.

Мэрия билдиргендей, борбор калаанын биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоков, Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев жана «Берекет» ЖЧКнын директорлор кеңешинин төрагасы Болот Бегалиев сатуучулар менен жолуккан.

«Район башчысы директорлор кеңеши менен сүйлөшүүлөр жүрүп, соода орундары үчүн тарифтер жакынкы аралыкта көтөрүлбөй турганын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада топтолгон соодагерлер орундарына кайткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз