Суббота, 4 мая

Бишкектин түштүк тарабында жаңы жол ачылды

0

Бишкектин түштүк тарабындагы негизги жолдордогу автомобилдик кыймылды кыйла жеңилдеткен жаңы жол курулуп бүттү. 24-июнда 7-апрель жана Каралаев көчөлөрүн Ботаникалык бактын ортосундагы Түштүк чоң Чүй каналын бойлой өтүп байланыштырган жолдун жана андагы көпүрөнүн ачылышы болду.

Каралаев көчөсүнө чейин гана болуп келген Сухэ-Батор көчөсү эми дагы 700 метрге, 7-апрель көчөсүнө чейин узарып, Ахунбаев көчөсүнүн жүгүн жеңилдетти. Эми Көк-Жар конушуна, айылына, кичи-районуна жетүү жана шаардын чыгыш тарабына өтүү мурдагыдан оңойураак болот.

Жол Кытайдын грантына курулду. Анын ачылыш салтанатына катышкан мэр Эмилбек Абдыкадыров борбор калаанын жолдору Кытайдын 168 млн долларлык грантына реконструкцияланып жатканын, биринчи фазасында 75 көчө жаңыланганын, экинчи фазасынын алкагында 60 көчө оңдолорун айтты.

Курулуш иштерин Кытайдын China Road and Bridge Corporation компаниясы жүргүздү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз