Понедельник, 6 мая

ЖРТ: 57 окуучу эң жогорку баллга ээ болду

0

2022-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку баллга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Быйыл эң жогорку балл 235 болуп, аны Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Эрлан Көлбаев алды.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 235тен 221ге чейин упай топтогондор:

  • Бишкек шаарынан – 35 окуучу;
  • Ош облусу – 7 окуучу;
  • Ысык-Көл облусу – 5 окуучу;
  • Чүй облусу – 4 окуучу;
  • Баткен облусу – 3 окуучу;
  • Нарын облусу – 2 окуучу;
  • Жалал-Абад облусу – 1 окуучу.

Белгилей кетсек, 24-25-июнда өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы менен тизме толукталышы мүмкүн. 2021-2022-окуу жылында 9-классты 106 миң 219 бүтүрүүчү, 11-классты 67 миң 45 бүтүрүүчү аяктады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз