Понедельник, 13 мая

Бүгүн мектепке электрондук кабыл алуунун экинчи этабы башталды

0

Бүгүн, 27-июндан тарта Бишкекте мектепке электрондук кабыл алуунун экинчи этабы башталды.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүндөн тарта ата-энелердин жашаган жерине карабастан бош орундар бар мектептер ачылды.

“Буга байланыштуу мектептин микроучастогунда жашаган ата-энелер мыйзамдуу жашаган жери боюнча каттоодон өтүшү керек, ал эми “Мектепке электрондук кабыл алуу” АИСке катталган ата-энелер, эгерде бар болсо, жеке кабинети аркылуу мектепти алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат”, — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз