Пятница, 3 мая

Түрк элчилиги: Кыргызстанда ФЕТО “Манас” университетине тоскоолдуктарды жаратууда

0

Кыргызстандагы Түркиянын элчилиги атайын билдирүү таратты. Билдирүүдө Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоптун 23-24-июнь күндөрдөгү Бишкектеги сапары жөнүндө кенен маалымат берилип, кыргыз бийлигине “ФЕТО” уюмунун коркунучу жөнүндө эскерткенин айтылды.

Элчиликтин маалыматына ылайык, түрк парламентинин төрагасы президент Жапаровго 2016-жылы 15-июлдагы Түркиядагы окуя жөнүндө маалымат берип, бир нече өлкө “ФЕТОго” тиешелүү мекемелерди расмий Анкарага өткөрүп бергенин айткан.

“ФЕТО иш алып барган өлкөлөрдө, Түркия менен ал өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды бузууга аракет кылууда. 15-июль тууралуу Кыргызстанда өткөн иш-чара мамлекеттик кызматкерлер тарабынан териштирилгенин уктук. Буга кошумча, эки өлкөнүн ортосунда ачылган “Манас” университети бар жана бул окуу жайдын ишинде бир топ тоскоолдуктар болуп жатканын билдик. Бул аркылуу алар эки өлкөнүн мамилесине терс көрүнүш жаратууга аракет кылып жатышат”, — деп айтылат маалыматында.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз