Понедельник, 13 мая

Путин G20 саммитине катышат

0

Владимир Путин Индонезияда өтө турган G20 саммитине катышат. Бул туурасында анын жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости жазды.

«Биз расмий чакыруу алдык, индонезиялыктарга басым кылып жатышат, Батыш өлкөлөрү аны мурда деле жасап келишкен».

Бирок биздин президент чакырууну алды, оң жооп берип, катышууга кызыкдар экенибизди айттык», — деген Ушаков брифингде.

Буга чейин АКШ жана бир катар өлкөлөр быйыл G20га төрагалык кылган Индонезияга Украинадагы абалдан улам Орусиянын саммитке катышуусунан баш тарттыруу үчүн басым жасаганга аракет кылган. Бирок Жакарта Орусияга чакыруу жолдонгонун жана аны кайрадан артка чакырууга мүмкүн эместигин айткан. G20 саммити экономикалык маселелерди карайт, саясат анын күн тартибине таасир этпеши керек. Ушул эле учурда Индонезия өкмөтү АКШ жана анын союздаштарынын сунушу боюнча Украинаны да иш-чарага чакырган.

Орусия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусиянын катышуусу туурасындагы формат чечими саммит жакындап келе жатканда кабыл алынгандыгын айткан. Эмне болгон күндө да Владимир Путиндин колунда чакыруу турат, Москва анын алкагында ишин уланта бермекчи.

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен ага Орусия лидери Владимир Путин катышса бойкот жарыялоо керек деген пикирлерге каршылыгын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз