Индиянын түндүк-чыгышындагы Манипур облусунда кечээ болгон жер көчкүдөн каза болгондордун саны 16га жетти.
Жетекчилер облустун Ноней районундагы Тупул темир жол курулушундагы жер көчкүдөн кийин 70тен ашуун адамдын дайынсыз экенин кабарлашты.
Мезгил-мезгили менен жааган жаан уланып жаткан аймактын тургундарынан коопсуз аймактарга көчүүлөрү талап кылынды.
Провинциянын премьер-министри Нонгтомбам Бирен Сингх, каза болгондордун 7синин армия мүчөлөрү экенин айтты.