Воскресенье, 5 мая

Украинада согуш башталгандан бери 4 миңден ашык жайкын тургун өлдү

0

Орусия армиясы Одесса облусунунун түштүгүндө карапайым тургундар жашаган үйгө жана эс алуу базасына сокку урду. Натыйжада 17 киши набыт болду. Бул тууралуу украин бийлиги билдирип, дагы ондогон адам жараат алганын кабарлады. Маалыматка караганда, куткаруучулар жети кишини урандылардын алдынан аман алып чыгышты.

Өлкө чыгышында орус армиясы Лисичанск шаарын тынымсыз аткылоону улантып жатат. Согуш башталгандан бери Украинада 4 миңден ашык жайкын тургун өлдү. Курман болгон украин аскерлеринин саны 10 миңден ашты. Батыштын чалгын кызматтары өлгөн орус аскерлеринин саны 20 миңдин айланасында экенин божомолдошууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз