Пятница, 17 мая

Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданият борбору

0

Эртең 20-апрелде КР түштүк борбору Ош шаарында “2019-жыл Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданият борбору” – деп аталгандыгынын ачылыш аземи болуп өтмөкчү.

Түрк дүйнөсүнөн бир канча меймандардын келиши күтүлүүдө. Бул меймандар бүгүн 19-апрелде Ош шаарынын МЭРи Таалай Сарыбашев менен жолугушушат жана МЭР меймандарды Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук Драм театрында “Коркут Ата” спектаклын көрүүгө чакырган.

20-апрель күнү “Түрк дүйнөсүнүн этно-маданияттык фестивалы”, Элдик каада салттык үрп адаттар”, “Элдик музыка”, “Этникалык мода”, “Дыйкандардын жарманкеси”, “Акындар айтышы”, “Этникалык ашкана” ж.б. көптөгөн ийримдер уюштурулган.

Ош МУда атайын “Тарыхый Ош шаары — маданияттын борбору” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Бул конференциянын аягында ТҮРКСОЙдун атынан Түрк дүйнөсүнүн чыгаан журналистерин сыйлоо аземи да болмокчу.

“Алымбек Датка» этнографиялык борборунда “Түрк элдеринин Сулайман Тоодогу көөнө маданияты” — аттуу эл аралык маданият көрсөтүүсү менен уланат. Мындан башка да бир топ программалар камтылып, Түрк дүйнөсүнүн маданият борбору болгон Ош шаары шаңга бөлөнмөкчү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз