Четверг, 2 мая

Кызыл-Омпол уран кени: экологияга зыян, экономикага пайда

0

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда элди Тоң районундагы уран кенин иштетүүгө каршы үгүттөгөн бир нече аудио, видео билдирүүлөр тарап жатат. Аталган маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Бишкектен Ысык-Көлгө каттаган кан жолдун боюндагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүндө уран кени иштетилиши, бул жергиликтүү элдин гана эмес, туристтик маал башталар алдында Ысык-Көлдүн экологиясына да терс таасирин тийгизип, туристтерди качырары тургандыгы айтылууда.

Аңгыча бул уран темасы жалпы республикалык маалымат каражаттарынын башкы темасына айланып, коомчулукта кызуу талкууга айланып кетти.

Буга чейин Ысык-Көл менен Нарын облусунун тургундары уран кенин казууга каршы экендиктерин билдиришип, айлдык, айыл өкмөтүнүн деңгээлиндеги жыйындарды өткөрүшкөн. Алар Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү  “экологияга чоң зыян келет” деп каршы болушууда. Бул кенди чалгындоого уруксат алган “Юразия в Кыргызстане” жоопкерчилиги чектелген коому дээрлик изилдөө иштерин бүтүп калгандыгы белгилүү болду.

Кенди иштетүүгө лицензия 2010-жылы 18-ноябрда берилген, ал 2020-жылдын 31-декабрына чейин гана жарактуу.

Изилдөөгө Кызыл-Омпол аймагынан төрт миң гектар жер алынган. Аталган уран кени Кызыл-Омпол тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 1640-3000 метр бийиктикте жайгашкан. Бул аймакта геологиялык чалгындоо иштери СССРдин учурунда, 1950-1957-жылдары эле жүргүзүлгөн экен.

Бирок жергиликтүү бийлик кендин иштешине кызыкчылыгы бар экенин билдирип, “ал иштеп калса жергиликтүү бюджетке көптөгөн каражат түшөт” деп үмүт кылууда. Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Майрамкүл Кыдыралиеванын айтуусунда, учурда  “Юразия в Кыргызстане” компаниясы изилдөө иштерин гана жүргүзүп жатат.

Бул жерде баары эмес, бирин-серин адамдар каршы чыгып жатышат. Ага туура эмес маалымат келгендиги себеп болуп атат. «Уран казылса зыян» деп эле ошого каршы чыгып жатышат. «Экологияга зыян болот экен» дейт. Бирок экологияга эч кандай зыяны жок”,- деп маалымат берген айыл өкмөт башчысы.

Кенди иштетүүгө жергиликтүү эл үчүн 200-220 жумуш орун түзүлүп, Кара-Балта комбинатында 500дөн ашуун киши эмгектенет. Бул программа Кара-Балта тоо-кен комбинатын 25 жыл иштетүүгө пландалган. Демек, кен чыккан жерден сырьё гана алынып, аны иштетүү Кара-Балтадагы комбинатта гана жүргүзүлөт.

Ошол эле учурда компания техникалык-экономикалык негиздемени жана курчап турган чөйрөгө тие турган терс  таасирди баалоо боюнча иштерди аткарат жана коомдук угууга чыгарылып, жергиликтүү элдин макулдугу алынат.

UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы чалгындоо прораммасына жалпысынан 271 миллион сомдон ашык каражат сарптайт. Азыркы учурда чалгындоо иштерин 112 киши жүргүзүп жатат, алардын ичинен 90 киши жергиликтүү тургундар болуп саналат.

Чалгындоо иштеринин жыйынтыгында бул жайда 3,5 миӊ тонна уран, 8,54 миӊ тонна торий, 10 миӊ тонна фосфор, 34 миӊ тонна цирконий жана 1,6 миллион тонна титан-магнетит бар экени аныкталган.

«Уран-торианит чачылмалары жердин бетинде жайгашкан, азыркы учурда жердин бетинин жалпы радиациялык фону 40тан 80ге чейин мкР/саат, айрым бөлүмдөрдө 130-150 мкР/саат түзөт. Радиоактивдүү кумдардын негизги массасы кесиктин (разрездин) өйдөңкү бөлүгүндө 25 метр тереңдикте жатат. Жогорку катмарларды иштетүү радиоактивдүү кумдарды алып чыгаруу үчүн радиациялык фонддун жалпы деңгээлин төмөндөтөт», — деп айтылат Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тараткан маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы кумдарды гравитациялык жол менен тазалап, техникалык суудан башка эч кандай реагентттерди колдонбойт. Андан сырткары, уран чыккан жерге атайын фабрика салынбайт, казып алынган радиактивдүү кум Кара-Балта тоо-кен комбинатында кайра иштетилет. Концентраттар атайын контейнерлер менен темир жол аркылуу ташылат. Гидрометаллургиялык процесстен кийин уран, торий, титаномагнетит, цирконий жана пятиокись фосфор элементтери алынат.

Тазаланган бардык материал бир жерге салынып, рекультивацияланат. Анын ордуна жайыттарды калыбына келтирүү үчүн көп жылдык чөптөр эгилет.

Компания техникалык-экономикалык негиздемени жана курчап турган чөйрөгө тие турчу таасирди баалоо боюнча иштерин аткарат. Аталган эки документ коомдук угууга жана жергиликтүү эл менен макулдашууга чыгарылат.

Жыйынтыктап айтканда, Кызыл-Омпол уран кенинин чалгындоо, андан ары казуу иштеринин жүрүшү экологияга бир аз зыян келтирген менен (бул маселе боюнча экологдор өз тыянагын бериши зарыл) өлкөбүздүн экономикасына аздыр-көптүр салым кошуп, жумушсуздук көйгөйү чечилмекчи.

А. Белеков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз