Четверг, 2 мая

47 миң кыргызстандык «кара тизмеден» чыгарылды

0

Россия мурда майда мыйзам бузууларга барган 47 миң кыргызстандыкты «кара тизмеден» чыгарды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим КР Тышкы иштер министрлигинин россиялык тарап менен жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгында кабыл алынган.

«Ошентип, Россияда “майда” административдик укук бузууларды жасаган 47 миңдей кыргызстандыктын Россияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынды. Кыргызстандын 35 миңге жакын жараны Россияга кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесинде, анын ичинде орус сотунун чечиминин негизинде Россиядан чыгарылгандар да калды», — деп айтылат маалыматта.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз