Понедельник, 13 мая

Алматыдан Ысык-Көлгө түз авиакаттам ачылды

0

Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 1-июлда Алматыдан биринчи каттамды кабыл алган.

SCAT авиакомпаниясы Алматы — Тамчы — Алматы багыты боюнча авиакаттамдарды жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарып турмакчы.

Жума ичине дагы эки каттам кошуу пландалып жатканы айтылды. Учуу убактысы 40 мүнөткө созулат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз