Суббота, 20 апреля

«Дордой» базарындагы чыккан өрт чектөөгө алынды

0

«Дордой» базарындагы эки кабаттуу контейнерлерден чыккан өрт саат 11:32де чектөөгө алынды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Болжол менен өрттүн жалпы аянты 1 000 чарчы метрди түзөт. Аталган контейнерлерде тез татым жасоочу жана кийим сатуучу жайлар жайгашканы айтылды.

Жеринде ӨКМдин 60 куткаруучудан турган 7 бригадасы, бир автошаты, бир суу ташуучу унаа жана штаб тартылып, өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө.

Базардын борбордук өтмөгүнө кире бериштеги контейнерден жалын бүгүн эртең менен тутанган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз