Пятница, 3 мая

Үркүн окуяларына карата эскерүү жүрүшү өткөрүлөт

0

Август айында 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшү өтөт. Бул тууралуу «Эсимде» изилдөө аянтчасы билдирди.

Жүрүш алкагында 1916-жылдагы трагедияларга байланышкан эс тутум жайларына зыярат кылынат.

Чүй өрөөнүнөн башталган эскерүү жүрүшү Ысык-Көлдүн күңгөйү менен тескейин аралап, Сырт өрөөнүнө, кандуу окуялар болгон, адамдарды атып өлтүрүшкөн, тарыхты баяндаган жазуучулардын китептеринде жазылган жана жергиликтүү тургундар оозеки айтып жүргөн аймактарга барат.

Колониализмдин курмандыгы болгон ата-бабаларды эскерүү, 1916-жылдагы трагедиялык окуяларды коомчулуктун эсине салуу максатын көздөгөн акцияга жарандык активисттер, окумуштуулар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз