Пятница, 3 мая

«Сосновка» бекети кайрадан жабылды

0

Бишкек — Ош унаа жолунун «Сосновка» посту кайрадан жабылды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, пост бүгүн эртең менен жабылган. Учурда Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин жарыктандыруу системасын оңдоо үчүн энергетиктер иштеп жатат. Алар жумушун бүтөрү менен жол ачылат.

Белгилей кетсек, 5-июлда саат 15.50 чамасында Төө-Ашуудагы тоннелдин 1250 метринен өтүп бара жаткан Lexus 470 үлгүсүндөгү автоунаа күйүп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, автоунаанын өрттөнүп кетүүсүнө жаңы орнотулган газ жабдуусу себеп болгон. Мындан улам Бишкек — Ош жолунда бараткан унаалар өтө албай, тоннелдин ичиндеги жарык өчүп калган. Кечээ кечинде унааны сүйрөп чыгып каттам жанданган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз