Пятница, 19 апреля

ӨКМ: «Дордой» базарындагы өрттөн 42 контейнер күйгөн

0

Бишкектеги «Дордой» базарындагы өрттөн 42 контейнер күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, мындан тышкары, тез тамактануучу жай, шаурма жана суусундук саткан тогуз павильон өрттөнгөн. Күйгөн 42 контейнерде кийим-кече сатылганы айтылды.

«Тилсиз жоо жалпысынан 1 000 чарчы метр аянтта жайгашкан соода түйүндөрүн жарактан чыгарып, анын кесепетинен эки адам түтүнгө ууланган. Алар №4 шаардык ооруканага жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 5-июлда, Бишкектеги «Дордой» базарынан өрт чыгып, аны өчүрүүгө ӨКМдин 60 куткаруучудан турган 7 бригадасы тартылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз