Пятница, 17 мая

Садыбакас ажы Дооловго каршы УКМКга арыз түштү

0

Свердлов районунун имам Садыбакас Дооловго каршы УКМКга арыз жазылды. Бул тууралуу активист Умай Арыкова билдирди.

Анын айтымында, имам аялдарды мал этине салыштыруу менен алардын укугун бузууда.

«Имамдын айткандары Конституцияга жана Кылмыш кодексининин 189-беренесине каршы келет», — дейт Умай Арыкова.

Белгилей кетсек, Садыбакас Доолов баалардын кымбатташына аялдарды күнөөлөгөн. Анын пикиринде, ачык кийинген аялдар базардагы эттин кымбатташына себепкер болууда. Имам «аялдын эти арзандап, койдун эти кымбаттады», — дейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз