Четверг, 2 мая

COVID-19 боюнча чектөөлөр кайра киргизилеби? Штабдын жообу

0

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу карантиндик чектөөлөр киргизилбей турганын COVID-19га каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб буга чейин тараган маалыматты тактап жатып билдирди.

Штабдан белгиленгендей, буга чейин маалыматта дүйнөдөгү карантиндик чектөөлөргө байланыштуу кырдаал тууралуу маалымдалган. Атап айтканда, отчетто Европанын үч өлкөсүндө — Италияда, Германияда жана Францияда күзүндө карантин киргизилиши мүмкүн экени айтылат.

«Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов белгилегендей, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көрсөтмөсүнө ылайык, жыл сайын бир нече толкун менен жайылып кете турган COVID-19 менен жашоону үйрөнүү зарыл. Учурда Кыргызстанда мындай чаралар каралган эмес», — деп түшүндүрүштү штабдан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз