Вторник, 7 мая

Украина: 15 орус кемеси жок кылынды

0

Украина согуш башталган 24-февралдан бери болжол менен 37 300 орус аскери каза болгонун жарыялады.

Орусия-Украина согушу уланып жатканда Украинанын Башкы штабы орус армиясынын жоготууларына байланыштуу жаңы билдирүү жасады.

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө, «Согуш башталган 24-февралдан бери 37 миң 300 орусиялык жоокер курман болду»,делди.

Билдирүүдө ошондой эле Орус армиясына таандык 1641 танк, 3823 бронетехника, 834 артиллериялык система, 247 көп стволдуу ракета атуу системасы, 108 зениттик система, 217 учак, 188 тик учак, 2694 унаа жана күйүүчү май цистернасы, 15 кеме, 676 учкучсуз учуучу аппарат,  66 атайын техника жана 155 канаттуу ракета жок кылынганын маалымдады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз