Воскресенье, 19 мая

Видео. Ыссык-Көлдө мөңгү кулады

0

Ыссык-Көл аймагындагы Жууку ашуусунда мөңгү кулады. Бул көрүнүшкө ал жерде жүргөн чет элдик туристтер жана жергиликтүү тургундар күбө болуп, видеого тартып алган. Анда ашууда кар көчкү түшкөнүн көрүүгө болот. Ошол кезде ашууда Британия жана АКШнын жарандарынан турган тогуз чет элдик туристтер, аларды коштогон кыргызстандык тургундар болгону айтылды. Баары аман-эсен экени кабарланды.

Окуя 8-июлда болгон, туристтер социалдык тармактагы баракчаларына 10-июлда чыгаргандан кийин маалымат каражаттарына жарыяланды.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-июлда бул маалымат такталып, жерине Жети-Өгүз райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн эки офицер жана Жайыт комитети, жана башка мекемелерден ыкчам топ кординациялоо иштерин жүргүзүүгө чыгып кетишкенин билдирди.

«Ал жерге чейинки аралык болжол менен 100 чакырымды түзөт. Кошумча маалымат берилет»,- деп билдирди министрлик.

Жууку ашуусу-Тескей Ала-Тоодо Жууку суусунун башында жайгашкан. Ысык-Көлдү Ички Теңир-Тоо (Ара-Бел өрөөнү) менен байланыштырат. Деңиз деңгээлинен 3633 метр бийиктикте.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз