Воскресенье, 19 мая

Новак Жокович чемпион болду

0

Сербиялык теннисчи Новак Жокович Уимблдон турниринде жетинчи жолу чемпион болду. Финалда ал австралиялык Ник Кирьосту жеңди. Бул Жоковичтин Чоң шлем турнирлериндеги 21-жеңиши.

Акыркы төрт Уимблдонду да жеңген Жокович турнирде 7-ирет кубоктун ээси болду.

Серб теннисчи 21-чоң шлем чемпиондугун жеңип эркектер арасында 20 чемпиондукка ээ болгон швейцариялык Рожер Федерерди артта калтырса, бул жааттагы лидер испаниялык Рафаэль Надалдын (22) рекордуна бир кадам жакындады.

Чоң шлем турнирлеринин 32-финалына чыккан Жокович бул тармакта болсо Федерерди (31) жана Надалды (30) ашып өттү.

Новак Жокович ошондой эле 2 миллион фунт стерлинг акчалай сыйлык алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз