Вторник, 7 мая

Орусия Европага газ берүүнү токтотту

0

Орусия Европага сатып жаткан газдын көлөмүн азайтып жатат. Бүгүн, 11-июлга караган түнү «Газпром» компаниясы Балтика деңизи аркылуу Германияга бара турган «Түндүк агым» газ түтүгүн жапты.

Билдирмеге караганда, газ түтүгүнүн эки жагы тең жылдагыдай пландык профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн токтотулган. Техникалык тейлөө 11-июлдан 21-июлга чейин жүргүзүлөт.

Өткөн аптанын башында «Газпром» чектөөлөрдөн улам «Портовая» компрессордук станциясы «Түндүк агымга» суткасына 100 миллион куб метрден гана бере аларын айткан. Негизи мурда 167 миллион көлөмдө пландалган. Немецтик Siemens компаниясынын агрегаттарында оңдоо иштери кармалып жасалып жаткандыктан, станцияда газды сордурган үч гана агрегатты колдонуу мүмкүндүгү жаралган. Газпром бул шаршембиде «Портоваяда» дагы бир агрегатты иштетүүнү токтоторун билдирди. Ага 16-июндан тарта суткасына 67 миллион куб метрден ашык газ жөнөтүүгө болбой тургандыгы себеп болгон.

Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, газ түтүгүнүн иши үчүн колдонулган маанилүү тетиктер антироссиялык санкциялардан улам Канададагы техникалык тейлөөдөн кийин кайра келбей жатат.

Газ Европага башка маршрут, тагыраагы, Украина аймагы аркылуу жакынкы күндөрү жеткириле турганы кошумчаланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз