Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар бүгүн Стамбулда Украина портторунда жыйылып жаткан дандын коопсуз ташылуусуна байланыштуу аскердик делегациялар ортосундагы сүйлөшүүлөр боло турганын жарыялады.
Акар билдирүүсүндө президент Режеп Таййип Эрдогандын «азык-түлүк кризисинин» чечилишине карата дипломатиялык аракеттери менен көрсөтмөлөрүнүн оң натыйжа белгиледи.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жана Украинанын коргоо министри Алексей Резников менен да жолугушуу өткөргөнүн эске салган Акар Түркия Украина жана Орусиянын ортосунда түз байланыш түзүлгөнүн эске салды.
Азык-түлүк кризисин чечүүгө карата Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги делегациясынын Орусиянын борбор шаары Москвага барып орус аскердик делегациясы менен жолугушкандыгын андан кийин Украина аскердик делегациясынын Улуттук коргоо министрлигине келгендигин айткан Акар: «Эртең Түркия, Орусия жана Украинанын Коргоо министрликтеринин аскердик делегациялары менен Бириккен Улуттар Уюмунун делегациясы Стамбулда Украина портторунда күтүп жаткан дандын эл аралык базарларга деңиз аркылуу коопсуз ташылышы үчүн сүйлөшүшөт, — деди.