Четверг, 21 ноября

Фото. Алгачкы жолу космостун түстүү сүрөтү тартылды

0

АКШнын Авиациялык жана космостук агенттиги Жеймс Уэбб космостук телескобунун жерден 1,5 миллион километр алыстыктан тартып алган биринчи түстүү сүрөттү бөлүштү. 

Жеймс Уэбб космостук телескобу «13 миллиар жылдан ашуун артка көз чаптырып», ушул кезге чейин тартылган «алгачкы ааламдын эң терең көрүнүшүн» тартып алды. 

НАСА жерден 1 жарым миллион километр алыстыктан тартылган сүрөттөрдүн биринчисин Ак үйдө АКШнын президенти Жо Байдендин катышуусу менен өткөн жыйында жарыялады. 

10 миллиард долларлык Жеймс Уэбб телескобу иштөө мөөнөтү аяктап бараткан 31 жылдык Хаббл телескобунун мураскери катары каралууда.

Жеймс Уэбб космостук телескобу 25-декабрда учурулган жана март айында жылдызга багытталуу менен тартылган биринчи сүрөтүн жөнөткөн.

Телескоп бул жолу 32 саат 72 экспозициянын жардамы менен тартылган түстүү сүрөттөрдү жеткирди. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз