Вторник, 7 мая

Стамбул аэропорту дүйнөдөгү  эң мыкты аэропорттордун ичинен 2чи болду

0

Стамбул аэропорту дүйнөгө белгилүү Travel and Leisure журналынын «Эң мыкты 10 эл аралык аэропорту» изилдөөсүндө тизмеге кирди.

Стамбул аэропортунун оператору IGAнын билдирүүсүнө караганда, Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йоркто чыккан саякат журналы Travel and Leisure тарабынан жыл сайын уюштурулган «Дүйнөнүн эң мыкты 10 эл аралык аэропорту» изилдөөсүнүн жыйынтыгы жарыяланды.

Журналдын окурмандарынын добуштары менен аныкталган сурамжылоонун жыйынтыгына караганда Стамбул аэропорту Хамад, Инчхон, Дубай, Гонконг, Цюрих, Абу Даби, Ханеда жана Копенгаген сыяктуу дүйнөнүн алдыңкы аэропортторун ашып өтүп, Сингапур Чанги аэропортунан кийин экинчи орунга чыкты.

Журнал окурмандары катышкан добуш берүү 25-октябрда башталып, 28-февралда аяктаган. Тизмеде 94,06 балл менен экинчи орунда турган Стамбул аэропорту добуш санын жогорулатса, биринчи орунда турган Сингапур Чанги аэропорту менен балл айырмасын дагы да азайтты.

Сурамжылоого добуш берген окурмандардын бири: «Стамбул аэропорту өзүнчө бир баруучу жай сыяктуу жана эч жакка баргың келбей калат», — деп өз баасын берди.

Travel and Leisure журналынын окурмандары кирүү, катталуу, коопсуздук, тамак-аш жана суусундук тармактары, соода жана дизайн жагынан баалоо менен «Дүйнөдөгү эң мыкты 10 эл аралык аэропортту» аныкташат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз