Суббота, 18 мая

Сот: Кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен 13 жашар кыздын зордуктагандарга жаза чегерилген эмес

0

Бишкек шаардык соту майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча иште эки айыпталуучу айып пул төлөп абактан бошотулганы боюнча түшүндүрмө берди.

Бишкек шаардык соту тараткан маалыматка ылайык, 13 жаштагы кызды зордуктоо тууралуу окуя 2013-жылы сентябрь айында болгон. 2015-жылдын июнь айында жабырлануучунун апасы Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Сентябрь айында кылмыш иши козголуп, 16 жаштагы эки балага айыбы угузулган.

Шаардык соттун маалыматына караганда, шектүүлөр жашаган жеринен кетпөө тил каты менен бошотулган. Тергөөдөгү кемчиликтерди толуктоо үчүн кылмыш иши кайрадан укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн. Ишти кайра тергөөгө жөнөтүү талашы бардык инстанцияларда каралып, Жогорку сотко чейин жеткен. Жогорку сот кайра кароого жиберген.

Иш Сокулук райондук сотунда 2018-жылы апрель айында карала баштаган. 2019-жылы райондук сот эки шектүүнү күнөөлүү деп таап, бирин 8 жыл, экинчисин 8 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Чечим боюнча Жогорку сотко арыз берилип, андан кийин 2022-жылдын февраль айында иш кайрадан Бишкек шаардык сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

2022-жылы 13-июлда айыпталуучулар күнөөлүү деп табылып, кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен (9 жыл) жаза чегерилген эмес. Шаардык сот жашы жете электерге кылмыштын эскирүү мөөнөтүнүн жарымы гана колдонуларын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз