Пятница, 26 апреля

Бүгүн-эртең «Ала-Тоо» аянты жабык болот

0

Улуттук гвардиянын 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу Бишкектин «Ала-Тоо» аянты эки күнгө убактылуу жабылат.

Мэриядан кабарлашкандай, бүгүн саат 06:30дан 08:00гө чейин даярдык иштерине карата унаалар үчүн жол жабык болот. Ал эми эртең, 17-июлда саат 17:00дөн 20:00гө чейин майрамдык иш-чарага байланыштуу аянт жабылат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, айдоочулардан алдын ала каттамды тандап алуусун эскертет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз