Вторник, 7 мая

Афганистанда белгилүү салафий шейх атып өлтүрүлдү

0

Кабулда белгилүү салафий шейхи Маулави Сардар Вали Сакиб атып өлтүрүлдү. Куралчан адамдар анын үйүнө кол салып өлтүрүп кетишкен. Сакибдин үй бүлөсү анын өлгөнүн тастыктады.

Талибан кыймылынын өкүлү Забихулла Муджахид Маулави Сардар Вали Сакибдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу билдирүү таратты. Талибандын өкүлү коррупциялашкан айрым топтордун Афганистан элин бири бирине душман кылгысы келип жатканын айтты. Муджахид «Мусулмандар аалымдарды өлтүрүү аркылуу жик салууну каалагандардын курмандыгы болбошу керек деп» — айтты.

Маулави Сакиб диний мектепте Куран, хадис жана башка диний сабактарды берип келген. Мечиттерде да диний үгүт-насаат жүргүзчү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз