Воскресенье, 19 мая

Орусияда кароосуз калган кыргызстандык алты бала мекенине алынып келди

0

Россияда кароосуз калган кыргыз жарандыгына ээ алты бала мекенге кайтарылды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, балдарды алып келүү ишин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги уюштурган.

Элчилик Россиянын органдары менен балдарды өлкөгө жөнөтүү боюнча процедураларын аткарып, зарыл болгон тиешелүү документтерди даярдоого көмөк көрсөткөн.

Дипөкүлчүлүк Кыргызстандын Россиядагы жашы жете элек жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишин уланта турганы кошумчаланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз