Пятница, 10 мая

Карабакта кайрадан согуш башталабы?

0

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусия Тоолуу Карабакка байланыштуу тынчтык келишиминин кепилдигин бузганын, армян аскерлеринин региондон чыгарылышына көмөк көрсөтпөй жатканын айтып чыкты. Алиев бул Москванын ортомчулугу менен түзүлгөн ок атышууну токтотуу декларациясында жазылганын, анын аткарылышына орусиялык тынчтык орнотуу күчтөрү аракет кылбай жатканын белгиледи.

Азери президентинин билдиришинче, бир канча ай мурда Бакуга Орусиянын Коргоо министрлигинин таасирлүү өкүлү келип кеткен жана ал Армения аскерлерин аймактан июнь айына чейин чыгарып кетерин убада кылган.

Алиев эгер Ереван макулдашуудагы бул жобо аткарылбаса, ага тиешелүү жооп кайтарыларын эскертти. Айрым эксперттер Азербайжан бийлиги Орусиянын мындай мамилесине каршы Карабакты толугу менен кайрадан согушуу аркылуу бошотууга аракет кылышы мүмкүн экенин айтышууда. Анткени 2020-жылдагы согуштан кийин Тоолуу Карабак боюнча Азербайжан менен Армения Орусиянын ортомчулугунда келишимге кол коюшкан болчу. Келишиге ылайык Армения Орусиянын көөмөгү менен аймактан аскерлерин чыгарып кетмек.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз