Воскресенье, 19 мая

Бишкекте 12-кабаттан кулаган өспүрүм каза болду

0

Бишкекте өспүрүм кыз бийиктен кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-июль күнү саат 02:50 чамасында «102» кызматына Жал кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанынан кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге жөнөп кетишкен. Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, ушул эле күнү саат 02:35 чамасында 2007-жылы туулган Ж.Ж. аттуу кыз Жал кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан кулап кетип, алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Бул факт Ленин райондук ИИБнин ЖИИБге катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз