Пятница, 22 ноября

Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамен тапшыргандардын 77% кулады

0

Жыл башынан бери айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырган кыргызстандыктардын 77 пайызы өтпөй калды. Бул тууралуу ички иштер министри Уланбек Ниязбеков маалымат жыйында билдирди.

«Жол кырсыктарынын бирден-бир себеби, жол эрежелерин сактабагандык болуп эсептелгендиктен айдоочулук күбөлүктөрдү алуу жоопкерчилигин күчөткөнбүз. Быйылкы жылдын башынан бери «Унаа» мекемеси тарабынан 310 502 жаран жол эрежелери боюнча экзамен тапшырган. Анын жыйынтыгында 22 пайызы гана экзаменден өтүп, калган 77 пайызы тапшыра алган жок. Башкача айтканда, 241 миң 186 жаран сынактан «кулады», — деди Ниязбеков.

Министр мунун себебин айдоочулук күбөлүктөрдү алуу процедурасы күчөтүлүп, экзаменде видеокамералар жана жаңы санарип ыкмалар колдонулуп жаткандыгынан улам болууда деп түшүндүрдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз