Пятница, 22 ноября

Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын жолугушуусу өтөт

0

Эртең Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 20-июлда өтчү отурумга Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев төрагалык кылат.

«Иш-чарага Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын ТИМ башчысы Сирожиддин Мухриддин, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Өзбекстандын ТИМ башчысынын милдетин аткаруучу Владимир Норовдун катышуусу күтүлүүдө. Жыйындын жүрүшүндө ТИМ башчылары 21-июлда Чолпон-Атада өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусуна даярдык көрүү иштеринин жүрүшүн талкуулашат», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, министрлер саммиттин күн тартибин жана жыйынтыктоочу документтердин долбоорлорун карай турганы кошумчаланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз