Суббота, 4 мая

Украинадагы согуш. Гаага соту Орусияны жоопко тартууга камданууда

0

Гаагадагы Эл аралык Кылмыш соту Орусиянын Украинадагы согуштук кылмыштары боюнча алгачкы айыптарды быйыл кышында карап, чечим чыгарууну көздөөдө. Бул тууралуу батыштын басылмалары жазып чыкты.

Биринчи иш боюнча соттук териштирүүнүн башталышынын так датасы белгисиз. Бирок Bloomberg агенттигинин жазганына караганда, бул ушул жылдын аягында же келерки жылдын башында болушу мүмкүн.

Украинанын өкүлдөрү Эл аралык сотко Орусияга каршы көрсөтмө бере турган Орусиянын аскерий туткунун күбө катары алып келүүнү сүйлөшүп жатканы айтылат.
Украинанын Башкы прокуратурасы согуштун биринчи күнүнөн тарта орус аскерлеринин согуштук кылмыштары боюнча далилдерди жана өз иликтөөлөрүн чогултууда. Март айында орус армиясынын Украинадагы кылмыштары боюнча далилдерди чогултуу үчүн Гаагадагы Эл аралык Кылмыш соту баш болгон бир нече европалык сот органдарын камтыган биргелешкен тергөө тобу түзүлгөн. Топтун ишин Европа Биримдигинин Сот адилеттиги боюнча кызматташуу боюнча агенттиги колдойт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз