Пятница, 3 мая

Күндүн ысыгы Испанияда 500 кишини өлтүрдү

0

Испанияда 10 күндөн бери уланып жаткан катуу ысыктын айынан кеминде 500 адамдын каза болгондугу билдирилди.

Француз басма сөзүнүн Испаниянын метеорология агенттиги (AEMET) тарабынан жарыяланган маалыматка таянып берген кабарына караганда, 9-18-июль күндөрү «өлкөдө 1975-жылдан берки эң катуу ысык» катталды.

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес да билдирүү жасап, 500дөн ашуун адамдын жогорку температурадан улам каза болгонун айтты.

Испанияда 10 күндөн ашык убакыттан бери кээде 45 градустан ашкан температура миңдеген гектардык жашыл жана токойлуу жерлерди күлгө айландырган өрттөрдү пайда кылган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз