Воскресенье, 19 мая

Чүйдө дачалар күйүп кетти

0

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күңгөй айылында төрт дача күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

21-июлда түштөн кийин катталган өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылган. Такталган маалыматка ылайык, төрт турак үй толугу менен өрттөнүп, 100 чарчы метр аянттагы кургак чөп күйүп кетти.

Күбөлөрдүн айтымында, коңшулардын бири эски кийимдерди өрттөп, мындан чыккан жалындын учкундары кургап турган кургак чөпкө, андан үйлөргө өткөн.

Сутка ичинде республиканын аймагында 31 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 33 бөлүм тартылды.

ӨКМнын маалыматы боюнча, 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Андан 16 киши каза болуп, 228 миң сомго жакын чыгым алып келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз