Понедельник, 6 мая

Окууга өтпөй калган абитуриенттер ноябрда да тапшырса болот

0

Быйылкы окуу жылынан тарта Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен кесиптик билим берүү мекемелерине студенттер эки иреттен кабыл алына баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдалды.

Негизги максат — кандайдыр бир себептерден улам сентябрда окууга өтө албай калган абитуриенттерге бир жылын текке кетирбей, университетке кайрадан тапшыруусуна шарт түзүп берүү.

Ошондой эле мындан ары жалпы республикалык тестирлөө дагы эки ирет өткөрүлөт. Биринчиси адаттагыдай эле жаз айларында, экинчиси ноябрда өткөрүлмөкчү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз