Суббота, 27 апреля

“Дан келишими” Эрдоанга чоң дипломатиялык упай алып келди

0

Стамбул шаарында Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, Украина жана Орусиянын тараптары жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин катышуусунда «Дан ташуу» келишимине кол коюу аземи өттү. Түркия, Орусия, Украина жана БУУнун ортосунда Украина портторунан дан азыктарын жөнөтүү боюнча документке кол коюлду. Эми Украинадан данды ташып чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш өз сөзүндө: «Бүгүн Кара деңизде дүйнөгө мурдагыдан да көбүрөөк муктаж болгон үмүт шооласы бар. Түркия Республикасы, урматтуу президент Режеп Таййип Эрдоган, бул процесстин ар бир этабында, ар бир баскычы сиздин өжөр мамилеңиздин аркасында болду. Бул келишимге чындыгында бүткүл дүйнө үчүн кол коюлууда», — деп айтты.

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган: «(Эгин ташуу келишими) Макулдашылган текст менен биз дүйнөдө миллиарддаган адамдарды күтүп жаткан ачкачылык коркунучунун алдын алууга салым кошобуз», — деди.

Эрдоган сөзүн: «Кемелердин жөнөп кетүүсүнөн баштап, аман-эсен бара турган портуна жетүүгө чейинки бардык процесстер макулдашылды. Бул өтө маанилүү пландын аткарылышы жана көзөмөлү Стамбулда түзүлө турган биргелешкен координациялык борбор тарабынан ишке ашырылат», — деп улантты.

Саясат таануучулар жана адистер Түркия, Орусия, Украина жана БУУнун ортосунда Украина портторунан дан азыктарын жөнөтүү боюнча келишимге кол коюлушу Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоганга чоң дипломатиялык упай алып келгенин айтышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз