Вторник, 16 апреля

Түркиянын Этимесгут району нарындык балдарга бала бакча белек кылды

0

Түркиянын Анкара шаарына караштуу Этимесгут району Нарын шаарына бала бакча куруп берди. Проект Этимесгут району менен Нарын шаарынын ортосундагы достук жана кызматташтык келишиминин алкагында ишке ашырылды. 100 орундуу бала бакчанын курулушуна Этимесгут району 650 миң доллар бөлгөн. Бала бакча 1 миң 696 квадрат метрге курулган.

Бала бакчанын ачылышына президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Этимесгут районунун жетекчиси Энвер Демирэл, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган жана башка дипломаттар катышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз