Суббота, 18 мая

Сүрөт. Мухаммед Алинин чемпиондук куру 6,18 миллион долларга сатылды

0

Америкалык мушкер Мухаммед Алинин чемпиондук куру 6,18 миллион долларга сатылды.

Мухаммед Алинин 1974-жылы » Rumble in the Jungle» беттешинде Жорж Форманды жеңүү менен алган алтын кур аукциондо сатылды.

«Индианаполис Колтс» футбол командасынын ээси Жим Ирсей 6,18 миллион доллар берип курга ээ болду.

Ирсай бул курду Америка тарыхы жана поп маданияты эскерүүлөр жыйнагы үчүн сатып алганын жана муну менен сыймыктанганын социалдык медиа эсебине жазды.

Кур 2-августта Чикагодогу Navy Pierде жана 9-сентябрда Индианаполисте көргөзмөгө коюлат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз