Воскресенье, 5 мая

Польша менен Германия Украинага «ПТ-91 Тварди» танктарын жеткирди

0

Польша менен Германиянын Украинага аскердик жардам катары убада кылган танктарды жөнөткөндөрү кабарланды.

Бул тууралуу Украина президентинин аппаратынын басма сөз катчысы Андрей Ермак билдирип: «Польшадан «ПТ-91 Тварди» танктары Украинага келди, досторубузга рахмат»,-деди.

Өлкөнүн коргоо министри Алексей Резников болсо телеканалдын биринде, Германиядан 15 Гепард зениттик танк системасынын алгачкы үчөөсүнүн Украинага жеткенин маалымдады.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз