Суббота, 20 апреля

Кыргызстанда бир күндө үч жолу жер титреши эмнеден кабар берет?

0

Кечээ, 27-июлда Кыргызстандын үч жеринде жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саат 06:41де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кара-Суу районунун Лангар айылында эки баллга чейин сезилген.

Ал эми саат 15:52де Жалал-Абад облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөө Аксы районунун Тегирмен-Сай, Товар-Сай, Жылгын, Коргон, Авлетим, Мукур, Кызыл-Капчыгай, Кашка-Суу, Аркыт айылдарында төрт балл, Ак-Дөбө, Жаңы-Жол, Кой-Таш, Кара-Жыгач, Чарбак, Жүзүмкан, Кызыл-Көл айылдарында жана Кербен шаарында үч балл, Таш-Көмүр шаарында жана Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле саат 20:54тө Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болуп, ал Кочкор районунун Шамшы, Дөң-Алыш, Комсомол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бир күндө үч жолу жер титреши Кыргызстанда сейрек кездешүүчү көрүнүш. Бул нерсе жарандарда кооптонууну пайда кылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз