Пятница, 26 апреля

Украинадан дан азыктарын ташуу үчүн Стамбулда Биргелешкен координациялык борбор ачылды

0

Украинадан дан азыктарын коопсуз ташуу үчүн Стамбулда түзүлгөн Биргелешкен координациялык борбор расмий ачылды.

Ачылышта сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Иш-аракеттер бүт дүйнөгө таасир эткен азык-түлүк кризисин жеңүүгө, өзгөчө бааларды төмөндөтүүгө олуттуу салым кошот деп ишенебиз», — деди. Акар, 25 миллион тоннадан ашык эгиндин коопсуз ташылышы үчүн коридордун абдан маанилүү экенин айтты.

Борбордун милдетинин Украинадан экспорттоло турган дан жана ушул сыяктуу азык-түлүктөрдүн Одесса, Черноморск жана Юзни портторунан коопсуз деңиз аркылуу ташылышын камсыз кылуу экенин билдирген министр Акар: «Бул борбор аскердик жана жарандык болуп Түркия менен биргеликте Орусия, Украина жана Бириккен Улуттар Уюмунан (БУУ) 5тен өкүлдөн турат. Мында эч кандай аскердик элемент жок», — деди.

Акар: «Бул борбор демилгеге кошула турган коммерциялык кемелерди каттайт жана көзөмөлдөйт, байланыш каражаттары аркылуу коммерциялык кемелердин чыгып кетишине техникалык жактан байкоо салат жана бардык иш-аракеттерди тарап өлкөлөр жана БУУ менен макулдашып жүргүзөт»,-деп маалымдады.

Акар өз сөзүндө бул борбордун азык-түлүк кризисинин алдын алууга, Африкадан Европа менен Түркияга мыйзамсыз миграцияга бөгөт болууга да салым кошо турганын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз