Суббота, 27 апреля

Видео. Бишкекте дүкөн чатырап күйдү

0

Бишкекте кафе жана кийим сатуучу дүкөн өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 28-июлга караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан кафенин жабык залы, жайкы тапчандарынын чатыры, 6 муздаткыч күйгөн. Ошондой эле тамактануучу жайга жакын жайгашкан кийим сатуучу дүкөндүн чатыры, кийим-кечелер жана имараттын ички жасалгасы күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 02:50дө чектөөгө алынып, саат 04:38де толук өчүрүлгөн.

Такталган маалыматка ылайык, өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.

https://youtube.com/shorts/nrHMohtdC4M?feature=share

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз