Пятница, 26 апреля

Стамбул «дүйнөнүн эң керемет жерлеринин» бири деп эсептелди

0

Стамбул Time  журналынын «2022-жылдын эң керемет 50 жери» тизмесине кирди.Торонто, Майами, Богота, Марсель, Найроби, Сеул, Түндүк уюл аймагы жана Долни Морава менен бирге Стамбул да журналдын мукабасында орун алган шаарлардын бири болду.

Time журналы жыл сайын жарыялаган тизмеде Ковид-19 эпидемиясынан кийин экономикасын калыбына келтирүүдө ийгиликтүү болгон, туруктуулукка маани берген, бул тармакка инвестиция салган жана позитивдүү түрдө өскөн 50 шаарга орун берилди. Тизме журналдын кабарчылары жана дүйнөнүн булуң-бурчунан  окурмандар тарабынан түзүлдү.

«Өлкөнүн аты түрк тилинде колдонула баштаган Түркиянын сыйкырдуу шаары Стамбул өзүнчө эле бир реносанс»,- деп билдирилген журналда Стамбулдун тарыхый райондорунан Каракөйдө ачылган Галатапорттун дүйнөнүн алгачкы жер астындагы жүргүнчү станциясына ээ круиздик порту экендиги белгиленди.

Притцкер сыйлыгынын ээси архитектор Рензо Пиано тарабынан долбоорлонгон Стамбул заманбап искусство музейине токтолгон журналда Ататүрк маданият борбору тууралуу да маалымат берилди.

Ататүрк маданият борборунун мурунку имаратынын 2008-жылы  жабылгандыгы, кулатылып кайрадан курулгандыгы, 13 жылдан кийин өткөн жылы ишин жаңы баштаганы белгиленген журналда кайрадан долбоорлонгон жерде концерттик зал, театрлар, галерея жана китепкананын бар экендиги айтылды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз