Суббота, 27 апреля

Тизме. Бишкекте айрым көчөлөр бир тараптуу болот

0

Мэриянын маалымат кызматы Бишкекте бир нече көчө бир тараптуу болорун айтып, алардын тизмесин жарыялады.

Көчөлөрдү бир тараптуу кылуу маселеси муниципалитетте өткөн штабдын жыйынында талкууланган.

Бир тараптуу болот турган көчөлөр:

Шопоков көчөсү. Чүй проспектинен Киев көчөсүнө чейин түндүк тарапка гана жүрө алышат;

Панфилов жана Логвиненко көчөлөрүн толугу менен бир тараптуу кылуу каралууда (азыр кээ бир жерлери эки тараптуу);

Ашхабад көчөсү (Горькийден Кулатовго чейин) да бир тараптуу болушу мүмкүн, мэрия азырынча анын багытын аныктай элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз