Суббота, 4 мая

Ош ТҮРКСОЙ аркылуу даңазаланат

0

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ушул жылдын октябрь айында Түрк тилдүү мамлекеттердин ЮНЕСКОнун Улуттук комиссияларынын башчыларынын форумун өткөрүү маселесин талкуулашты.

Белгилей кетсек, иш-чаранын негизги максаты Улуу Жибек Жолунун провайдери болгон Ош шаарынын туристтик потенциалын кеңири жайылтуу болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө форумдун уюштуруучулук аспектилери талкууланып, анын алкагында Ош шаарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнүн комплекстүү бет ачары, Ош шаарында жашаган элдердин жана этностордун маданиятынын байлыгын, каада-салттарын, жашоо образын жана тарыхый баалуулуктарын көрсөтүү үчүн масштабдуу этно-маданий иш-чаралар, түрк тилдүү мамлекеттердин медиа өкүлдөрү жана блогерлери үчүн медиа турлар уюштурула турганы айтылды.

Иш-чарага 8 өлкөнүн: Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Венгрия, Түркмөнстан, Татарстан, Якутия өкүлдөрүнүн катышуусу пландалууда.

Ошондой эле, жыйындын алкагында Ош шаарынын символу болгон ыйык Сулайман-Тоонун статусун көтөрүү, ага чектеш аймактын инфраструктурасын жакшыртуу, туристтерди тартуу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү маселелери көтөрүлдү.

«Оштун туристтик брендин, анын бай салт-санаасын, үрп-адатын жайылтуу жана өнүктүрүү зарыл, Ош буга татыктуу. Биз керектүү колдоолорду көрсөтөбүз», — деди С.Раев.

Өз кезегинде Марс Исаев колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Улуу Жибек Жолунун провайдери болгон Оштун туризминин келечеги үчүн өз ара аракеттенүү жана кызматташуу демилгесин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз