Суббота, 21 сентября

Зеленский шайлоочулардын рекорддук добушун алды

0

Текшерилип чыккан 75% шайлоо блютендеринин 73% добушту шоумен, актёр, продюсер, режиссёр, сценарист Владимир Александрович Зеленский алды. Бул маалымат Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын таблосунда көрсөтүлдү.  Бул көрсөткүч өлкө тарыхындагы рекорддук добуш десек болот. Буга чейин эч бир өлкө башчылысы шайлоочулардын мынчалык колдоосуна ээ болгон эмес.

Ал эми Уркаинанын учурдагы президенти Пётр Порошенко болгону 24,66% шайлоочулардын добушун ала алган.

Эскерте кетсек президенттик шайлоонун экинчи туру кече 21-апрелде болуп өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттик шайлоонун экинчи турунун жыйынтыгы официалдуу түрдө 30-апрелде жарыяланаарын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз