Суббота, 21 сентября

Дүйнөдө орточо өмүр сүрүү мөөнөтү узарды

0

2000-2016-жылдар аралыгында орточо өмүр сүрүү мөөнөтү 5,5 жыл өсүп, 66 жарым жаштан 72 жашка жогорулады. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму «Дүйнөлүк саламаттык сактоо көрсөткүчтөрү» отчетунда жарыялаган.

Аялдар эркектерге салыштырмалуу узак жашашат. 2019-жылы 73 миллиону эркек, 68 миллиону кыз жалпы 141 миллион баланын төрөлүшүн көздөгөн отчетто, эркектердин орточо 69,8 жыл, кыздардын болсо 74,2 жыл жашай турганы божомолдонууда.

Киши башына түшкөн киреше орточо өмүр сүрүүдө белгилөөчү роль ойносо, төмөн кирешелүү өлкөлөрдөгү орточо жашоо мөөнөтү жогорку кирешелүү өлкөлөргө салыштырмалуу 18,1 жыл дагы аз.

Орточо өмүр сүрүү мөөнөтү өлкөлөргө жараша Японияда 84, Швейцарияда 83 менен эң жогору экени көңүлдөрдү бурса, Лесото жана Орто Африка Республикасы сыяктуу өлкөлөрдө болсо орточо 52-53 жыл деп белгиленди.

Отчетто өнүккөн өлкөлөргө жараша аялдардын эркектерге салыштырмалуу дагы узак жашагандыгы баса белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз